Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТӨӨ ЧАРАЛАРЫ – кылмыш-жаза процессинде анын тергөөдөн жашырынып кетүүсү мүмкүн же сотто кылмыш иши боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн экенине же дагы кылмыш жасашына толук негизи бар деп эсептелгенде, ошондой эле өкүмдүн аткарылышына кепилдик үчүн айыпталуучуга карата колдонулуучу процесстик аргасыз кылуу чарасы. Ч. ч-на эч кайда кетпөөгө кол коюп берүү, жеке кепилдикке алуу, камакка алуу, барымта коюу, аскер бөлүгүнүн командачылыгынын (аскер кызматкерлерине карата) көзөмөлдөөсү, жашы жетелектерди ата-энесинин жана башка кишилердин карамагына берүү, үй түрмө кирет. Камакка алуу, үйкамак жана барымтага коюу көзөмөлдөөчү прокурордун санкциясы же соттун аныктамасы боюнча гана болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧЕКТӨӨ ЧАРАЛАРЫ (ТОСОТ) – жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөөгө багытталган жана чарбачылык жана башка ишмердиктердин өзгөчө тартибин, калктын, унаа каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кыймылына чектөө койгон административдик, медико-санитардык, ветеринардык ж. б. чаралар. Ч. ч. жугуштуу оруулардын пайда болуу жана таралуу коркунучу болгон учурларда КР чегаралары аркылуу өткөрүүчү түйүндөргө, чарбалык ж. б. ишмердиктерди жүргүзүүчү уюмдарга жана объекттерге киргизилет. Ч. ч. КР Өкмөтүнүн же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын чечими менен киргизилет (алынып салынат). Ч.ч-н ишке ашыруунун тартиби жана пайда болуу жана тарап кетүү коркунучуна Ч. ч. киргизилип жаткан жугуштуу оорулардын тизмеси КР ченемдик укуктук актылары жана санитардык эрежелери менен аныкталат.